КӨЭУ ГПФда иш-чара өткөрүлдү.
“АИВ: билим -сенин коопсуздугун, даарылануу-сенин ден соолугуң”

27-ноябрь 2024-жыл
Гуманитардык-педагогикалык факультетинин “Педагогика жана психология” кафедрасы тарабынан 1-декабрь Бүткүл дуйнөлук СПИДке каршы күрөшүү күнунө карата “АИВ: билим -сенин коопсуздугун, даарылануу-сенин ден соолугуң” – деп аталган чакан иш чара өткөрүлду.
Иш чарага шаардык СПИДке каршы курөшүү борборунун дарыгери Бурханов Адилет Адылович чакырылды. СПИД туралуу студенттерге толук маалыматтарды жана студенттер тарабынан берилген суроолорго так жооп берди.
Студенттер тарабынан кызыктуу инсценировка роликтер даярдалып көрсөтүлдү.
Студенттер өтө кызыгуу менен катышышты. Келечек коом үчүн актуалдуу проблема экендигине ынанышты. Ошондой эле СПИДке каршы турушаарын жана алдын ала чара көрүүгө даяр экендигин билдиришти.