
27-март:Гуманитардык-педагогика факультетинде ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага педагогика жана дене тарбия адистигинин студенттери активдүү катышты. Алар факультеттин аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Студенттер таштандыларды жыйнап, айлананы иретке келтиришти. Иш-чараны тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары көзөмөлдөп турду. Бул ишембилик жамааттык эмгекти бекемдеп, тазалыкка болгон жоопкерчиликти арттырды.