Кышкы ПОЖдор арасындагы спартакиадада Гуманитардык-педагогика факультетинин ПОЖу активдүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтө алды. Бул спорттук иш-чара ПОЖдун ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана достук мамилени бекемдөө максатында уюштурулду.

Спартакиадага ар түрдүү факультеттердин ПОЖдору катышып, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты. ГПФнын командасы ар бир мелдешке чоң жоопкерчилик менен даярданып, жигердүүлүгүн жана биримдигин көрсөтө алды. Алардын ынтымактуу оюну жана жеңишке болгон умтулуусу өз жемишин берип, команда бир катар байгелүү орундарга ээ болду.

Катышуучулар спорттун ар кайсы түрлөрүндө өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулашты. Команданын ийгилиги – бул тынымсыз машыгуунун, биримдиктин жана өз ара колдоонун натыйжасы болуп эсептелет.

Жыйынтыгында, ГПФнын ПОЖунун бул жетишкендиги факультет үчүн чоң сыймык болуп, башка ПОЖка  да үлгү болду. Мындай спорттук иш-чаралар студенттердин ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, алардын ынтымагын арттырып, активдүү жашоо образына үндөйт.