20-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде профессор Сартбаев Каратай Сартбаевичтин 95 жылдыгына арналган «Сартбаевдик окуулар-2025» иш-чарасынын алкагында жана илимий эмгектерин жайылтуу максатында «Заманбап билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган эл аралык конференция Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.
Профессор Сартбаев Каратай Сартбаевичтин чыгармачылыгын түрк дүйнөсүнө жана жаш муундарга таанытуу, изилдөө, окутуу максатында өткөн илимий-практикалык конференцияга Каратай Сартбаевичтин кызы, шакирттери, белдүү илимпоздор, аспиранттар жана магистрлер катышты.
Конференция Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д. Сакиева Сайипжамал Салайдиновнанын жана И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институтунун директору, п.и.к. Казиева Гулзат Качканаковнанын куттуктоо сөзү менен башталды.
Андан соң эл аралык конференциянын жүрүшүн пленардык жыйындын баяндамалары улантты. Пленардык жыйында профессор Каратай Сартбаевдин педагогикалык мурастарын азыркы башталгыч билим берүү системасында пайдалануунун актуалдуулугу, окумуштуу- методист К.Сартбаевдин билим берүүнүн тарыхындагы орду тууралуу баяндамалар жасалды.
Пленардык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине Каратай Сартбаев атындагы стипендия тапшырылды.
Конференциянын экинчи бөлүгү түшкү тыныгуудан кийин секциялык иштерде жүргүзүлдү. Соңунда конференциянын катышуучуларына сертификат тапшыруу менен резолюция кабыл алынып, эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Профессор Каратай Сартбаев 84 жылдык жашоосунун 64 жылын бүтүндөй билим берүү тармагына, башталгыч класстар үчүн “Алиппе”, “Эне тили”, “Кыргыз тили” окуу китептерин жана башка да окуу-методикалык комплектилерди жаратууга арнаган.