Гуманитардык- педагогикалык факультетинин Пмно-1-23 тайпасынын студенттери 2024- жылдын 11- ноябрынан 22- ноябрына чейин эки жумалык адаптациялык практикада болушту. 5- декабрда бул практиканын жыйынтыгына арналган ” Мен суйгон кесип” аттуу ачык куратордук сабак өтүлдү. Бул иш чарага университеттин өндүрүш менен байланыш жана практикалар бөлүмүнүн башчысы Бердигулов А.Т., факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Пмно-1-23 тайпасынын студенттери шаардын мектептеринде көп тилдүү билим берүүнүнун ишке ашырылып жаткандыгы, практикадан алган ойлору менен бөлүшүп, тандаган кесибине болгон сүйүүсү артканын билдиришти. Бердигулов А.Т. агай кесипке даярдык көрүүдө практиканын ролу чон экенин баса белгиледи. Бул иш- чарада тайпада окуу жана спорт жаатында ийгиликке жеткен студенттерге сыйлыктар тапшырылды.