Кафедранын тарыхы
«Педагогика жана психология» кафедрасы өз ишмердүүлүгүн КРнын конституциясына, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, «ЖОЖдор жөнүндө» жоболоруна ылайык жүргүзөт жана Кыргыз-Өзбек университетинин уставы 1997-жылдын 21-апрелинде бекитилген. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде катталган (буйрук №152-1 28.04.1997.каттоо №23-т) 1998-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо максатында университеттин илимий кеңешмесинин №22-токтому менен «Табият таануу» факультети түзүлүп, анын негизинде «Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу» кафедрасы ачылды.
2001-2002-окуу жылында Музыкалык жана педагогикалык факультет ачылып, кафедра факультеттин карамагына өтөт. Кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Худайбердиев Алмаз Хашимович жетектеген.
2005-жылы кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кучкаров Шавкат Мадаминович жетектеген.
2010-2011-окуу жылынан баштап, педагогика факультетинин «Педагогика», «Психология» кафедралары биригип, Тарых филология факультетинин «Өзбек филология жана педагогика» кафедрасынын башчысы болуп, педагогика илиминин кандидаты М.С.Кадырова дайындалган.
2012-2013-окуу жылында өзбек тили жана адабияты адистиги жоюлгандыгына байланыштуу №65 14.09.2012-жыл буйруктун негизинде «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» кафедрасы болуп, аны п.и.к., доцент М.С.Кадырова дайындалган.
2013-2014-окуу жылынын сентябрь айынан баштап кафедра Табигый-педагогикалык факультетинин карамагына өтүп, кафедра башчысы болуп, п.и.к., доцент М.С.Кадырова азыркы учурга чейин жетектеп келүүдө №550700 адистиги «Башталгыч билим берүүнүн усулу жана педагогикасы» адистигин даярдоо боюнча окуу жүктөмдөр, окуу программалар дициплиналар, талапка жооп берет.
№09.06, 18.06.2012-ж. лицензиянын негизинде жогорку квалификациялуу мугалимдер даярдалууда.
2019-жылы 12-сентябрынан баштап студенттердин санынын көбөйгөнүнө байланыштуу «Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу» кафедрасы 2 ге бөлүндү. Демек «Педагогика жана психология» деген аталыш менен 2019-жылдын 12-сентябрынан баштап бүгүнкү күндө 2024-2025 окуу жылдарында,кафедра башчы п.и.к. доцент Айтышова Жаныл Токтосуновна жетектеп келүүдө.