2024-жылдын 16-17-декабрь күндөрү университеттин 13 билим берүү программаларын аккредитациядан ѳткѳрүү боюнча «Билим-Стандарт» кѳз карандысыз аккредитациялык агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясы Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университетинде болушту.
Эки күндө бекитилген программага ылайык жетекчилер менен жолугушуу, окуу имараттарын кыдыруу жана кызыктар тараптар менен баарлашуу уюштурулду.
Эксперттик комиссия билим берүү программаларынын жогорку сапатта уюштурулушун, улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлин, иш берүүчүлөрдүн ишенимин, бүтүрүүчүлөрүбүзгө эмгек рыногундагы суроо-талаптар боюнча өз ойлорун айтып, билим берүү программаларын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.