Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинде билим берүү программаларын сапатын жогорулатуу максатында иш берүүчүлөр, ата-энелер жана университеттин бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, келген конокторго окуу жай тууралуу маалымат берип, учурда окуу жайда жасалып жаткан иштерге кенен токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, жакшы окууган студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, жолугушууга Өзбекстан Республикасынан келип билим алган студенттердин ата-энелери дагы катышты.