ПМНО-2-22 тайпасынын «Музыкалык тарбиялоонун теориясы жана методикасы» предметинен жыйынтыктоочу практикалык сабагы болуп өттү. Студенттер музыкалык кече уюштурушту. Кечеге МЧБББУ кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты. Балалыктагы эсте калган ырларынан айтышып, аяз ата менен аяз кыздын белектерин алышты.

Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган. Ал рождество майрамынын алдында түн ортосунда үйүнө баратып асмандагы жайнап турган жылдыздарга суктанат. Үйүнө барып жылдыздарга окшоштуруп балатыга шамдарды илип көрөт. Алгач балатыны шам, алма, таттуу токочтор менен кооздошчу. Кийинчерээк пахта, кагаз, айнектен жасалган оюнчуктарга кезек келген. Орусияга бул салт император Пётр Iдин убагында келген. Ал жаңы жыл астында көчөлөргө ийне жалбырактуу дарактарды кооздоп орноткула деп буйрук берет. Ошондон тарта балаты рождество майрамына карата гана эмес, жаңы жылдын урматына да жасалгалана баштайт.Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган. Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаңы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.