26-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечеси болуп өттү.

Майрамдык иш чара жалпы жамааттын ичиндеги ынтымакчылыкты , достук мамилени тереңдетип, маданий эс алууну камсыз кылуу максатында уюштурулду. Жыл сайын түзүмдөр арасында кезектешип өткөрүлүп келген Жаңы жылдык шаң-шөкөттү быйылкы жылы КӨЭАУнун гуманитардык-педагогикалык факультети өткөрдү.