27-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинде Алиппенин автору, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич менен студенттер ортосунда жолугушуу кечеси болуп өттү.
Жолугушуу профессор Сулайман Рысбаевдин балдарга арналып жазылган чыгармаларынан даярдалган сахналык көрүнүш менен башталды. Андан соң, Сулайман Казыбаевичке сөз берилип, «Калыптандыруучу баалоо кезиндеги ишмердикке негизденген таксономия» аталышындагы көрсөтмөлүү илимий баяндамасын слайд түрүндө көрсөтүп берди.
Жолугушууга келишкен студенттер, окутуучулар баяндама жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, алган билимдеринин практикалык мааниси жогору экендигин белгилешти жана өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
Соңунда гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., доцент Жаңыл Айтышова, атайын убактысын бөлүп, жолугушууга келип бергени үчүн Рысбаев Сулайман Казыбаевичке ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 14:00дө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында Рысбаев Сулайман Казыбаевичтин «ТАГДЫРДЫН МУГАЛИМИ» аттуу повестинин негизинде «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК 5️⃣» аттуу онлайн Республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоочу иш чарасы өтөт.