КУМУда өткөрүлгөн “Мырза–2026” кароо-сынагына Гуманитардык-педагогикалык факультеттин атынан студент Тажиматов Комилжон катышты.

Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмүн, маданий деңгээлин жана өзүн алып жүрүү маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өз таланттарын көрсөтүп, интеллектуалдык суроолорго жооп берип, сахналык номерлерди аткарышты.

Тажиматов Комилжон кароо-сынакта активдүү катышып, факультеттин намысын татыктуу коргоду. Анын катышуусу студенттер арасында дем берүүчү үлгү болуп, чыгармачылыкка жана коомдук иштерге болгон кызыгууну арттырды.