
Гуманитардык-педагогикалык факультетинде 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи болуп өттү
2026–2027-окуу жылынын башталышына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинде 1-курска кабыл алынган студенттерди салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин жетекчилиги жана окутуучулары жаңы кабыл алынган студенттерди куттуктап, аларга билим алуу жолунда ийгиликтерди, талыкпаган изденүүнү жана келечекте мыкты адис болуп калыптануусун каалашты.
Ошондой эле студенттерге университеттин ички тартиби, окуу процесси, факультеттин коомдук жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди.
Салтанаттуу иш-чара жаңы студенттерге дем-күч берип, алардын студенттик жашоосунун алгачкы кадамдарына жагымдуу маанай тартуулады.
Студенттик жашооңор кут болсун! Келечекке карай жасаган кадамыңар ийгиликтүү болсун!