ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

 ФАКУЛЬТЕТТИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

 

Кыргыз-Өзбек университетинин базасында 1998-жылы өзбек тилдүү мектептерге мугалимдерди даярдоо үчүн Өзбек-педагогика факультети түзүлгөн (буйрук № 22 ҮД от 05.09.98-ж).

1999-жылы университеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен табигый-педагогикалык жана гуманитардык педагогикалык факультеттерине бөлүнгөн. 2001-жылы табигый-педагогикалык факультети экиге бөлүнүп табигый-математикалык жана музыка-педагогикалык факультеттери деп аталган.

2005-жылдын январь айындагы Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен табигый-математикалык факультети дагы экиге бөлүнүп физика-математика жана табигый-географиялык  факультеттерине айланган.

2013-жылдын август айындагы Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен  жогорудагы эки факультет бириктирилип, кайрадан табигый-педагогикалык факультети түзүлгөн жана декандын милдети аткаруу х.и.к. Б.О. Мурзабаевге жүктөлгөн.

2013-жылдын 11-октябрында Табигый-педагогикалык факультетинин деканы кызматына конкурс жарыяланып, профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен ф.-м.и.к., доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукаровичке декандык кызматка шайлаган.

2014-жылдын 5-сентябрында Табигый-педагогикалык факультетинин деканы ф.-м.и.к., доцент З. А. Зулпукаров окуу департаментинин директору кызматына кайрадан конкурс жарыяланып, шайлоодо профессордук-окутуучулар курамы п.и.к., доцент Узакбаев Ибрагим Советовичке ишеним көрсөтүшкөн.

Бүгүнкү күндө Табигый-педагогикалык факультетинде бардыгы болуп 1121 студент, анын ичинен; күндүзгү бөлүмдө 499, алардын 231 бюджеттик, 268 келишимдик негизде сырттан окуу бөлүмүндө 622 студент билим алып жатышат.

ОКУУ ПРОЦЕССИ, МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ, КИТЕПКАНА ФОНДУ

 

Табигый-педагогикалык факультетинин даярдоо багыттарынын окуу пландары Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын негизинде түзүлүп, кесибине тиешелүү окуу предметтеринин жумушчу программалары компетенттүүлүктү өркүндөтүүгө басым жасалуу менен кафедралардын, факультеттин окуу усулдук кеңештеринде талкууланып колдонууга сунушталган.

Предметтик сабактардын илимий-усулдук деңгээлин жогорулатуу менен, билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына жана окутуунун натыйжаларына көңүл бурулуп, өз ара тажрыйба алмашуу максатында бардык кафедраларда сабактар бөткөрүлүп, талкууланат.

Бүгүнкү күндө факультетте окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди реалдуу баалоонун жаңы технологиялары ийгиликтүү өздөштүрүлүүдө, о.э.

— Окуу процессинде локалдык жана глобалдык тармактарды колдонуу;

-Көп тилдүү билим берүү программаларын сабактарда колдонууну апробайиялоо;

-Кафедралардын атайын предметтери боюнча ийримдер уюштурулуп, стандарттык эмес жана татаалдаштырылган маселелерди чечүүчү, илимий жаңылыктар, конференцияларга даярдыктар жүргүзүлөт.

Факультет 80 компьютерден турган 6 заманбап үлгүдөгү компьютердик класстар жана 10 дон ашык химия, биология, физика боюнча атайын лабораториялык кааналар жана 9 лекциялык, практикалык кааналар менен жабдылган.

2012-2013-окуу жылынан баштап факультет эки баскычтуу (бакалавр, магистр) билим берүү системасына өткөрүлүп Физика-математикалык билим берүү, Табигый-илимий билим берүү, Педагогика жана Дене тарбия багыттары боюнча студенттерди кабыл алуу жана даярдоо башталган.

Бүгүнкү күндө студенттердин билимин текшерүү боюнча факультетте модулдук-рейтингдик система боюнча иш алынып барылып жатат. Ошондой эле 2012-2013-окуу жылынан тартып факультеттин бардык иш кагаздары AVN маалыматтар системасына өткөрүлгөн.

 

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ, ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Азыркы учурда факультетте окуу процессин сапаттуу өткөрүү жана уюштуруу максатында факультеттеги 5 кафедрада 50 профессордук-окутуучулар жамааты жана окуу жардамчы персоналдар эмгектенишет.

Алардын ичинен: 2-илимдин докторлору, профессорлор, 13-илимдин кандидаттары, доценттер, 17-ага окутуучу, 3-спорттун түрлөрү бо.юнча чеберлер, 2-спорттун түрлөрү боюнча улуттук даражадагы калыстар, 10-окутуучулар жана 11-окуу жардамчы кызматкерлер жана 15-билим берүүнүн мыктылары.

Факультеттин курамына төмөнкүлөр кирет:

-«Табигый илимдер жана окутуунун усулдары»;

-«Математика, физика жана окутуунун усулдары»;

-«Информатика жана окутуунун технологиялары»;

-«Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу»;

-«Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбиянын усулу»;

-«Математика, физика жана окутуунун усулдары» кафедрасында 13 профессордук-окутуучулар жамааты эмгектенет. Аладын ичинен: 2 илимдин доктору, профессорлор, 1 илимдин кандидаты, доцент, 1-доцент, 4 ага окутуучу, 3 окутуучу жана 2-окуу жардамчы персоналдар. Сапаттык курамы 36,4%. Кафедра башчысы ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр. Алымкулов Келдибай.

«Информатика жана окутуунун технологиялары» кафедрасында 10 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен: 3 илимдин кандитаты, доценттер, 2 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 3-окуу жардамчы персоналдар. Сапаттык курамы 42,8%. Кафедра башчысы ф.-м.и.к. доцент Жээнтаева Жумагүл Кенешовна.

«Табигый илимдер жана окутуунун усулдары» кафедрасында 14 профессордук-окутуучулар жамааты эмгектенет. Алардын ичинен: 4 илимдин кандидаты, доценттер 6 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 2-окуу жардамчы персоналдар. Сапаттык курамы 33,3%. Кафедра башчысы г.и.к. Камилова Лола Токтомуратовна.

«Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасынын базасында Сулайманкулов атындагы«Комплекстүү бирикмелердин химиясы» илимий изилдөө борбору иштейт жана ага х.и.к., доцент Мурзабаев Б.О. жетекчилик кылат.

«Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» кафедрасында 8 профессордук-окутуучулар жамааты эмгектенет. Бардыгы штаттык негизде. Алардын ичинен: 2 илимдин кандидаты, доценттер 4 ага окутуучу, 1 окутуучу жана 1-окуу жардамчы персоналдар. Сапаттык курамы 28,3%. Кафедра башчысы п.и.к., доцент Кадырова Мукадам.

«Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбиянын усулу» кафедрасында 10 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен: 3 илимдин кандидаттары, доценттер, 4 билим берүүнүн мыктылары, 3 дене тарбиянын мыктылары, 2 спорттун түрү боюнча улуттук даражадагы калыс, 3 спорттун чеберлеринен куралып, 30% сапаттык көрсөткүч менен талапка толук жооп берет. Кафедра башчысы п.и.к., доцент Узакбаев Ибрагим Советович.

МАДАНИЙ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

Тарбиялык иштердин уюштуруу борбору болуп факультеттин деканы эсептелинет. Деканаттын эң негизги маселеси-бардык окутуучулардын жана кызматкерлердин факультеттин жана университеттин студенттерин интелектуалдык, маданий жана адеп-ахлак өнүгүүсүнө жумшалган күч аракеттерин бириктирүү. Факультеттин уюштуруу түзүлүшүндө декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары караштырылган, анын милдети болуп факультеттин тарбиялык процессин пландаштыруу жана уюштуруу, студенттик кеңештин ишине жардам берүү.

Факультеттин кураторлору, декандын орун басары жана студенттин кошуундун күчү менен жыл сайын төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт. Традициялык шартта студенттер арасында 1-курстарга «Студенттикке кабыл алуу», 3-курстарга «Алтын ортолук», 5-курстарга «Акыркы коңгуроо», жатаканалар арасындагы КВН, «Нооруз» майрамына карата сүмөлөк кайнатуу, «Сармерден» кыз-жигит кароо сынагын өткөрүү, ар бир майрамга дубал газеталардын конкурстары кызыктуу түрдө өткөрүлөт. Факультетте студенттик «Чайка» театры, «Олимп» КВН командасы, волейбол, футбол, баскетбол спорт  командалар уюшулган жана факультеттер аралык мелдештерге байгелүү орундарга ээ болушат.

Дене тарбия кафедрасы жана анын курамындагы Достук спорттук клубу тарабынан ар кандай белгилүү, майрамдык күндөргө карата спорттун түрлөрү боюнча студенттердин арасында жана профессордук-окутуучулар курамынын арасында дени сак, сергек жашоону кеңири жайылтуу жана күнүмдүк көндүмгө, адатка айландыруу, ден соолук, спорттук мелдештери ар бир айда атайын түзүлгөн пландын негизинде уюштурулуп турат. Кафедранын практикалык сабактарын өткөрүүгө, спорттук машыгууга жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди уюштурууга базасы размери 48х14 м спорттук манежден жана 24х12м спорттук залынан, айланасы жеңил атлетикалык ядро 300 м 4 чуркоо жолчолорунан, узундукка секирүүчү чуңкурдан, граната, найза ыргытуу жана ядро түртүү секторлорунан турат. Кафедранын окутуучуларынын жетекчилигинде спорттун 14 түрү боюнча спорттук тайпаларда студенттердин чеберчилигин жогорулатууга окуу-машыгуулар уюштурулган, алардын натыйжалуулугу бул окуу жылында Универсиада-2014 студенттердин Республикалык мелдештеринде университетибиздин курама жааттары валейбол жигиттер арасында 2-орунду, валейбол, стол үстүндөгү тенниси кыздар арасында 3-орунду жеңип алууга жетишишти.