
2026-жылдын 17-ноябрында Гуманитардык-педагогикалык факультетде Эл аралык студенттердин күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул күн студенттердин эмгегин баалоо, алардын чыгармачылыгын жана активдүүлүгүн колдоо максатында өткөрүлөт.
Иш-чарага факультеттин деканы, п.и.к., доцент Ж.Т. Айтышова, декандын орун басарлары, студенттердин лидерлери жана активдүү студенттер катышып, майрамдык маанай тартуулашты. Катышуучулар студенттерди майрам менен куттуктап, кубанычтуу жана эсте калаарлык учурларды камсыз кылышты.
Иш-чаранын алкагында студенттерге кызыктыруучу белектер таркатылып, ар кандай оюндар, конкурстар жана интерактивдүү программалар уюштурулду. Бул факультеттин студенттерине гана эмес, жалпы катышуучуларга да маанай көтөрүүчү, достук жана биримдикти бекемдөөчү маанилүү иш-чарага айланды.
Жыйынтыгында, Эл аралык студенттердин күнү ГПФда студенттердин активдүүлүгүн жана чыгармачылык потенциалын колдоого багытталган маанилүү майрамдык окуя болуп, студенттерге позитивдүү эмоция жана эсте калаарлык таасир тартуулады.