Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу иш чараны университеттин ректору профессор Абдилбает Асанович ачып, “Төрт жыл аралыгында алган билимиңерди педагогикалык багытта татыктуу аткарып, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдердин катарын толуктагыла”- деген тилегин билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө окуудагы мыкты жетишкендиги, коомдук, маданий-массалык иш чараларга жигердүү катышкан бүтүрүүчүлөр окуу жайдын ардак грамотасы менен сыйланышты. Аларга татыктуу тарбия берген ата-энелерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Бүтүрүү кеченин сый коноктору үчүн чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Майрамдык кечеге келген ата-энелер балдарына татыктуу билим берген Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
Кеченин соңунда окуу жайдын бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков, гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., доцент Жаңыл Айтышова жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди каалашты.