ТАРЫХЫ

Кафедранын тарыхы

«Педагогика жана психология» кафедрасы өз ишмердүүлүгүн КРнын конституциясына, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, «ЖОЖдор жөнүндө» жоболоруна ылайык жүргүзөт жана   Кыргыз-Өзбек университетинин уставы 1997-жылдын 21-апрелинде бекитилген. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде катталган (буйрук №152-1 28.04.1997.каттоо №23-т) 1998-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде  мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо максатында  университеттин илимий  кеңешмесинин №22-токтому  менен  «Табият таануу» факультети түзүлүп, анын негизинде  «Педагогика жана башталгыч  билим берүү усулу» кафедрасы ачылды.

2001-2002-окуу жылында Музыкалык жана педагогикалык факультет ачылып, кафедра  факультеттин карамагына өтөт. Кафедраны педагогика  илимдеринин кандидаты, профессор Худайбердиев Алмаз Хашимович жетектеген.

2005-жылы  кафедраны педагогика  илимдеринин  кандидаты, доцент Кучкаров Шавкат Мадаминович жетектеген.

2010-2011-окуу жылынан баштап, педагогика  факультетинин  «Педагогика», «Психология» кафедралары биригип, Тарых филология факультетинин «Өзбек филология жана педагогика»  кафедрасынын башчысы  болуп, педагогика илиминин кандидаты М.С.Кадырова  дайындалган.

2012-2013-окуу жылында өзбек  тили жана адабияты адистиги  жоюлгандыгына байланыштуу №65 14.09.2012-жыл буйруктун  негизинде  «Башталгыч  билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» кафедрасы болуп, аны п.и.к., доцент М.С.Кадырова  дайындалган.

2013-2014-окуу жылынын сентябрь айынан баштап  кафедра  Табигый-педагогикалык  факультетинин карамагына  өтүп, кафедра башчысы  болуп,  п.и.к., доцент М.С.Кадырова азыркы учурга чейин жетектеп келүүдө №550700 адистиги «Башталгыч билим берүүнүн усулу жана педагогикасы»  адистигин даярдоо боюнча окуу жүктөмдөр, окуу программалар  дициплиналар, талапка жооп берет.

№09.06, 18.06.2012-ж. лицензиянын негизинде жогорку квалификациялуу мугалимдер даярдалууда.

2019-жылы 12-сентябрынан баштап  студенттердин санынын көбөйгөнүнө байланыштуу «Педагогика жана башталгыч  билим берүү усулу» кафедрасы 2 ге бөлүндү. Демек «Педагогика жана психология» деген аталыш менен 2019-жылдын 12-сентябрынан баштап бүгүнкү күндө 2023-2024 окуу жылдарында,кафедра башчы п.и.к. доцент Айтышова Жаныл Токтосуновна жетектеп келүүдө.