Алымбек датка – 225: КӨЭАУда Алымбек Даткага арналган куратордук сааттар өтүлүүдө.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл Аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинде мамлекеттик ишмер Алымбек Даткага арналган куратордук сааттар өтүлүүдө.
Гуманитардык – педагогикалык факультетинин ПМНО-2-24 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулган куратордук саатта Алымбек датканын өмүр жолу жана жүргүзгөн саясаты боюнча презентация жасалды.

Куратор Казканова Чолпон Тойчубаевна сабакты эссе жазуу тапшырмасы менен бекемдеп, студенттердин аналитикалык көз карашын тереңдетти.