
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл Аралык университетинүн Гуманитардык-педагогикалык факультетинде мамлекеттик ишмер Алымбек Даткага арналган куратордук сааттар өтүлүүдө. Бул иш-чара факультеттин ПМНО-2-24 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулуп, тарыхый билимди тереңдетүүгө жана чыгармачылык жөндөмдү өнүктүрүүгө багытталды.
Куратордук саатта Алымбек Датканын өмүр жолу, анын жүргүзгөн саясаты жана коомдогу орду боюнча презентация жасалды. Сабак тарыхый маалыматтарды креативдүү формат менен айкалыштырып, студенттерге кызыктуу өттү. Студенттер кейс-тапшырмаларды иштеп чыгып, цитаталарды талкуулашты жана өз чыгармачыл ой-пикирлерин бөлүшүштү.
Куратор Казканова Чолпон Тойчубаевна сабакты эссе жазуу тапшырмасы менен бекемдеп, студенттердин аналитикалык жана сынчыл көз карашын тереңдетүүгө жардам берди. Бул иш-чара студенттерге тарыхый инсандын өмүр жолун жана анын идеяларын жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип, аналитикалык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүргөн маанилүү окуяга айланды.