
2026-жылдын 13-март күнү Гуманитардык-педагогика факультетинде ишембилик күнү жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттерди эмгекке тарбиялоо, айлана-чөйрөнү таза сактоого үндөө жана окуу жайдын аймагын көрктөндүрүү болду.
Ишембиликке факультеттин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер топ-топ болуп бөлүнүп, ар кандай аймактарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар окуу корпустарынын ичиндеги кабинеттерди иретке келтирип, тазалык иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле университеттин айланасындагы спорт аянтчаларын, тротуарларды жана короолорду тазалап, таштандылардан арылтышты.
Мындан тышкары, ишембиликтин алкагында жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер бак-дарактарды отургузуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө салым кошушту. Бул иш-чара алардын жаратылышка болгон камкордугун арттырып, экологиялык маданиятын калыптандырууга жардам берди.
Ишембилик достук маанайда өтүп, катышуучулар бири-бири менен ынтымакта иш алып барышты. Мындай иш-чаралар студенттердин жоопкерчилигин жогорулатып, эмгекке болгон мамилесин чыңдайт. Ошондой эле окуу жайдын аймагын таза жана кооз сактоого чоң салым кошот.