2026-жылдын 18-мартында Гуманитардык-педагогика факультети тарабынан ПМНО-1-2-23 жана ФизК-1-23 тайпалары үчүн кесиптик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин практика учурунда алган тажрыйбаларын талдоо, жетишкендиктерин баалоо жана келечектеги ишмердүүлүгүнө багыт берүү максатын көздөдү.

Конференцияга университеттин практика боюнча башчысы, факультеттин жана кафедралардын практика үчүн жооптуу адистери, методисттер жана окутуучулар активдүү катышышты. Ошондой эле студенттер да өздөрүнүн практика мезгилиндеги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, презентациялар аркылуу өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтери, колдонгон усулдары жана алган билимдери тууралуу баяндама жасашты. Алар мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде жүргүзгөн сабактары, окуучулар менен иштөө ыкмалары жана тарбиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Мындан тышкары, конференцияда практика учурунда кездешкен айрым кыйынчылыктар жана кемчиликтер да ачык талкууланды. Катышуучулар бул маселелерди биргеликте карап чыгып, аларды жоюу жолдору боюнча сунуштарын беришти. Окутуучулар жана методисттер студенттерге практикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча баалуу кеңештерин айтып, алардын кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүштү.

Жыйынтыгында, бул конференция студенттер үчүн чоң тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, алардын кесиптик даярдыгын бекемдөөгө өбөлгө түздү. Мындай иш-чаралар келечектеги адистердин сапаттуу даярдалышына жана билим берүү тармагында ийгиликтүү иш алып баруусуна маанилүү салым кошот.