2026-жылдын 25-мартында КӨЭАУ тарабынан уюштурулган «Пери-2026» аттуу чыгармачылык конкурс жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чара студенттердин талантын өнүктүрүү, алардын чыгармачылык дараметин коомчулукка таанытуу максатын көздөдү.

Аталган конкурска ар түрдүү факультеттерден жана тайпалардан келген таланттуу студенттер катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулар ырдоо, бийлөө, көркөм окуу жана башка чыгармачылык багыттар боюнча күч сынашты. Калыстар тобу ар бир катышуучунун чеберчилигин, сахна маданиятын жана өзгөчөлүгүн кылдаттык менен баалады.

Бул конкурста ПМНО-1-25 тайпасынын студенти Алтынбекова Назик да ийгиликтүү катышып, өзүнүн таланты, сахнадагы өзүн алып жүрүүсү жана көрүүчүлөргө тартуулаган өзгөчө чыгармасы менен айырмаланды. Анын аткаруусу калыстар тарабынан жогору бааланып, жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болду.

Алтынбекова Назиктин бул жетишкендиги — анын жеке эмгегинин, чыгармачылыкка болгон сүйүүсүнүн жана тынымсыз изденүүсүнүн жыйынтыгы. Ошондой эле бул ийгилик анын тайпасы жана окуу жайы үчүн да чоң сыймык болуп эсептелет.

Мындай конкурстар студенттерди шыктандырып, алардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот. «Пери-2026» конкурсу да жаш таланттарды колдоого алып, жаңы жылдыздардын жануусуна өбөлгө түзгөн маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп калды.

.