2026-жылдын 3-сентябрында КӨЭАУнүн Гуманитардык-педагогикалык факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара факультеттин Кыргыз тили жана адабияты окутуучулары тарабынан уюштурулуп, «Эне тил – улуттук биримдиктин жана достуктун негизги факторы» аталышындагы конкурс форматында өттү.

Конкурс 1-3-курс студенттеринин арасында өткөрүлүп, катышуучулар активдүү катышты. Студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, эне тилге болгон сүйүүсүн жана урматын майрамдык маанайда тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер чыгармачылык, билим жана коммуникация жөндөмдөрүн көрсөтүп, өз тайпаларынын намысын коргоду.

Жыйынтыгында конкурстун жеңүүчү тайпалары грамоталар менен сыйланып, алардын эмгеги жана активдүүлүгү бааланды. Бул иш-чара студенттердин мамлекеттик тилди урматтоо сезимин жогорулатып, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана достукту чыңдоого багытталган маанилүү окуяга айланды.