Возможно, это изображение 15 человек и люди играют в баскетболВозможно, это изображение 4 человекаВозможно, это изображение 10 человек и люди играют в баскетболВозможно, это изображение 7 человек, люди играют в баскетбол, люди играют в волейбол и толпа

Алымбек датканын 225 жылдыгына карата спорттук турнирге старт берилди
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин Дене тарбия жана спорт багытынын студенттери арасында Алымбек датканын 225 жылдык маарекесине арналган спорттук мелдештердин ачылыш аземи салтанаттуу өттү.
🏐⚽️🏀 Аталган “Өтмө кубок” үчүн таймаштар төмөнкү спорт түрлөрү боюнча өтөт:
•⁠ ⁠Волейбол
•⁠ ⁠Баскетбол
•⁠ ⁠Футбол
•⁠ ⁠Аркан тартыш
•⁠ ⁠Таш көтөрүү
•⁠ ⁠Жеңил атлетика
🎵 Ачылыш аземи Мамлекеттик гимндин жаңырышы менен башталып, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков университет жетекчилигинин куттуктоосун жолдоп, спортто мыкты жетишкендиктерге жетип жаткан студенттерди баса белгиледи.
🗣 Салтанатка Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков, КӨЭАУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү катышып, өз каалоо-тилектерин билдиришти.