Алымбек датка – 225: КӨЭАУда Алымбек Даткага арналган куратордук сааттар өтүлүүдө.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл Аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык  факультетинде мамлекеттик ишмер Алымбек Даткага арналган куратордук сааттар өтүлүүдө.
Гуманитардык – педагогикалык факультетинин ПМНО-2-24 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулган куратордук саатта Алымбек датканын өмүр жолу жана жүргүзгөн саясаты боюнча презентация жасалды.
📚 Сабак тарыхый билим менен креативдүүлүктүн айкалышына айланып, студенттер кейс — тапшырмаларды иштеп чыгышты жана цитаталарды талкуулап, чыгармачыл ой-пикирлерин бөлүштү.
Куратор Казканова Чолпон Тойчубаевна сабакты эссе жазуу тапшырмасы менен бекемдеп, студенттердин аналитикалык көз карашын тереңдетти.