
Гуманитардык-педагогикалык факультетнде «Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» аталышындагы маанилүү тарбиялык иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатуу, коррупциянын терс кесепеттери тууралуу маалымат берүү жана ага каршы күрөшүүдө активдүү жарандык позицияны калыптандыруу болду.
Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. Анын алкагында окутуучу Кочкоров Кубат «Укук таануу» сабагынын негизинде ПМНО-1-25 тайпасынын студенттерине жана жалпы катышуучуларга мазмундуу доклад окуп берди. Ал өз сөзүндө коррупциянын түрлөрү, анын коомго тийгизген зыяны жана мыйзам алдында жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле доклад учурунда коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери, алдын алуу жолдору жана ар бир жарандын бул багыттагы жоопкерчилиги тууралуу да баса белгиленди. Студенттер кызыккан суроолорун берип, талкуу жандуу жана пайдалуу маанайда өттү.
Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттердин укуктук маданиятын жогорулатып, алардын коррупцияга каршы туруктуу көз карашын калыптандырууда маанилүү роль ойноду. Мындай иш-чаралар келечектеги адистерди адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукту сактоого жана таза иш алып барууга үндөйт.