Мугалимдер күнүнө карата Гуманитардык-педагогикалык факультетнин студенттери окутуучуларды майрам менен куттуктап, аларга жылуу каалоо-тилектерин айтып, өзгөчө белектерин тапшырышты. Бул иш-чара студенттер менен окутуучулардын арасындагы сый-урматты жана достук мамилени бекемдөө максатында уюштурулду.

Университеттин майрамдык кечесинде ГПФнын кээ бир окутуучулары өзгөчө эмгеги үчүн ардак грамота менен сыйланышты. Алардын чыгармачылыгы, жигердүүлүгү жана студенттерди окутууга кошкон салымы бааланып, майрамдын маанисин дагы бир жолу күчөттү.

Иш-чара жандуу маанайда өтүп, студенттер менен окутуучулардын ортосундагы байланыштарды чыңдоого, сый-урмат жана ыраазычылык сезимин күчөтүүгө багытталган маанилүү окуяга айланды.