23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнө карата КӨЭАУнун Гуманитардык-педагогикалык факультетинин Кыргыз тили жана адабияты окутуучулары тарабынан уюштурулган “Эне тил — улуттук биримдиктин жана достуктун негизги фактору” аттуу конкурс 1-3-курстардын арасында мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Студенттер конкурска активдүү катышып, жыйынтыгында жеңишке ээ болгон тайпалар грамоталар менен сыйланышты.