

2026-жылдын 1-ноябрында Гуманитардык-педагогикалык факультетде «1-курстарды кабыл алуу аземи» аталышындагы майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул салтанаттын негизги максаты — жаңы келген студенттерди факультетке коштоо, алардын коомдук турмушуна активдүү аралашуусуна шарт түзүү жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү болду.
Иш-чарага факультеттин 1, 2 жана 3-курс студенттери активдүү катышып, кыргыз жана өзбек тилдеринде ырдап, ар тараптуу таланттарын көрсөтүштү. Ошондой эле студенттер испан, грузин, кыргыз жана өзбек бийлерин жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөргө эсте калаарлык майрамдык маанай тартуулашты.
Майрамдык кечеге окуу жайынын ректоратынан өкүлдөр, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, салтанаттуу маанайды жогорулатып, жаңы студенттерди жылы кабыл алышты. Бул иш-чара жаңы келген студенттер үчүн факультеттин маданий жана социалдык турмушуна активдүү аралашууга өбөлгө түзүп, алардын достук жана биримдикке болгон мамилесин бекемдөөгө жардам берди.
Жыйынтыгында, «1-курстарды кабыл алуу аземи» студенттердин чыгармачылыгын жана талантын көрсөтүүгө, факультетке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маанилүү майрамдык окуя болуп калды.