Конференцияга КӨЭАУнун педагогикалык практика боюнча жетекчиси Бердугулов Аматбек Турдубаевич, профессордук окутуучулар жааматы катышып, студенттердин кесиптик-базалык практикада аткарган күндөлүк иштери, өткөн ачык сабактары, тарбиялык сааттары, класстан тышкаркы жүргүзгөн иш-чаралары боюнча маалыматтарга күбө болушту. Конференцияларда суроо-жооп, талкуулар жүргүзүлдү. Практика боюнча жетекчи Аматбек Турдубаевич студенттерге сунуштарын айтып, окууларына ийгиликтерди каалады.