2024-жылдын 28-февралында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык юбилейине карата «КӨЭАУ мырзасы-2024» кароо-сынагы болуп өттү. Аталган сынакта Гуманитардык-педагогикалык факультетинин Дене тарбия адистигинде окуган 1-курсунун студенти Молдубай уулу Якубжан катышып, өзүнүн өнөрлөрүн көрсөттү. Сынактан 2-орунду ээлеп, диплом жана акчалай сыйланды.