2023-жылдын 1-апрелинде гуманитардык-педагогикалык факультетинин «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» кафедрасы Мискичекова Занфира Ягсуповна жетектеген «Русский Мир» фондунун колдоосу менен «Тажрыйба бүлүшүү жана билимдерди өздөштүрүү» деген темада мастер-класс уюштурду.

Билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу жана окутуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүү максатында уюштурулган мастер-классты Россия Федерациясынын эл аралык гуманитардык долбоорунун катышуучулары өтүп беришти. Алар өздөрүнүн тажрыйбаларынан мисалдарды келтиришип, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтыгында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.