Кафедранын тарыхы

Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасы

Университет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы №505 токтомунун негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп түзүлүп, 1997-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз-Өзбек университети болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз – Өзбек университетинде педагогикалык институттун структуралык бөлүмү катары 2001-жылы  музыкалык-педагогикалык факультети ачылды.

Факультетте үч кафедра: «Башталгыч билим берүүнүн методикасы», «Музыка» жана «Педагогика жана психология» кафедралары түзүлгөн. Кафедралар башталгыч класстардын мугалимдерин жана музыка мугалимдерин даярдашкан.

Башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасын​ 2001-2004-жылдары педагогика илимдеринин кандидаты профессор О.H. Худайбердиев жетектеген.

2005-2009-жылга чейин башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасын педагогика илимдеринин кандидаты , доцент Р.П. Анаркулов жетектеген.

2010-2011-окуу жылында «Музыка» адистиги кыскартылгандыгына байланыштуу Кыргыз – Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен тарых-филология факультетине «Башталгыч билим берүүнүн методикасы» кафедрасы бириктирилген. 2010-2012-окуу жылдарында кафедра «Өзбек филологиясы жана педагогикасы» деп аталып, кафедра башчылыгына педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.С. Кадырова дайындалган.

2012-2013-окуу жылында өзбек тили жана адабияты адистиги жоюлгандыгына байланыштуу 2012-жылдын 14-сентябрындагы №65 буйругунун негизинде «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» кафедрасы түзүлүп, аны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кадырова М.С. жетектеген.

2013-2014-окуу жылынын сентябрь айында кафедра табият-таануу факультетине бириктирилген.

Факультеттин өнүгүү процессинде «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» жана «Педагогика жана психология»  кафедраларына бөлүндү.

Учурда кафедра Б.Сыдыков атындагы Кыргыз – Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин курамына кирет . Кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, РАЭнын профессору  Кадыров  М.С. жетектейт.

Бүгүнкү күндө мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасында штаттык 20 окутуучу жана 2 лаборант иштейт.

Алардын ичинде: 2 илимдин доктору, профессор, 7 илимдин кандидаты, доцент; 8 улук окутуучу, 3 окутуучу, бир РАЭнин профессору, бир РАИнин илим жана билимге эмгек сиңирген ишмери, үч  билим берүүнүн мыктысы.

Кафедра төмөнкү багыттагы адистерди даярдайт:

 Багыттар: 550700 Педагогика. Профили: «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу», «Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу» ( Квалификациясы: бакалавр даражасы).

          Багыттар: 550700 Педагогика. Профили: «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу», «Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу»

(Квалификациясы: магистратура даражасы).

Кафедранын билим берүү, илимий жана инновациялык саясатынын негизги максаты дүйнөлүк квалификациялык талаптардын деңгээлинде адистерди, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону камсыз кылуу, билим берүү, илимий-техникалык жана инновациялык потенциалды натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.

Кафедранын быйылкы жылдагы негизги милдети бүтүрүүчүлөрдүн теориялык жана практикалык даярдыгынын сапатын мындан ары жогорулатуу, окуу дисциплиналарын окутуунун жогорку деңгээлин кармап туруу, окуу процессин, илимий-методикалык иштерди уюштурууну жакшыртуу аркылуу студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кафедранын кабинеттерин кошумча адабияттар менен жабдуу болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылы педагогикалык коллектив негизги билим берүү программаларын ийгиликтүү иштеп чыгышты. Мугалимдердин алдында билим берүүнүн заманбап технологияларын өздөштүрүү, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн активдештирүү, окуу-тарбия ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери чечилди.

Кафедрада бекитилген бардык дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмалардын электрондук базасын кеңейтүү боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп, окутуучулар аларды AVN маалымат системасына жайгаштырышты. Бул студенттердин окуу курстарын өздөштүрүүсүнө жардам берет. Кафедранын окутуучулары студенттердин жана магистрлердин кесиптик даярдоо процессиндеги жетишкендиктерин баалоо үчүн баллдык -рейтингдик системаны активдүү киргизүүдө.

Кафедранын жаш окутуучуларынын кесиптик билимин өркүндөтүү максатында бир топ иштерди аткарып, көп жылдык практикалык педагогдук тажрыйбасы бар окутуучуларга бекитилет.

Кафедрада окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери жалпы педагогикалык жана социалдык-педагогикалык дисциплиналар боюнча, студенттердин арасында тарбия иштери, ошондой эле илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча иш жүргүзүлөт. Окуу процесси дүйнөлүк практиканын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен окутуунун алдыңкы технологияларын колдонуунун негизинде жүргүзүлөт.

Ош областында башталгыч билим берүү адистерине суроо-талап бир кыйла жогору. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн 78-85%дан ашыгы билим берүү уюмдарына ишке орношот.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Кадрларды даярдоо тармагында 550700 Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасында окуу процесси уюштурулган, окуу программасынын максаты: башталгыч класстардын мугалимдерин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жер-жерлерде кесиптик маселелерди чечүүгө жөндөмдүү даярдоо. Педагогикалык билим алуу жана тандалган ишмердик тармагында ийгиликтүү иш алып баруу, универсалдуу, кесиптик жана атайын компетенцияларга, сабырдуулукка, социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда туруктуулугуна өбөлгө түзгөн ар кандай ыкмаларды, методдорду жана окуу куралдарын колдонуу.

               Кафедрада персоналдык компьютерлер, мультимедиялык системалар, телевизорлор, аудио жазуулар жана видеолор окуу жана илимий конференцияларды өткөрүү үчүн жеткиликтүү;

 ЖОЖдун сайтында университет жөнүндө маалыматтар, окуу адабияттары, сынактык суроолор, айрым предметтер боюнча тереңдетип окуу үчүн материалдар;

 Олимпиадалык тапшырмалар жана аларды чечүү жолдорунун ченемдик укуктук документтери;

Дене тарбия сабагы боюнча спорт залдары бар.

 ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРИ

           Кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуу -методикалык иш программалары, силлабустар, тапшырмалар түрүндөгү дидактикалык материалдарды камтыган окуу -методикалык комплекстер, практикалык, лабораториялык сабактар үчүн тесттик суроолор жана студенттердин өз алдынча иштери каралган. Окуу -методикалык иштер кафедранын бекитилген планына ылайык жүргүзүлөт. Кафедранын окутуучулары тарабынан окуу-методикалык колдонмолор, лекция конспекттери, окуу -маалыматтык материалдар, дисциплиналар боюнча өзүн өзү текшерүү боюнча тесттер басылып чыккан.

            Окуу жайдын китепканасы «Ирбис» системасына туташтырылган жана анын программалары менен иштөө үчүн компьютер, көчүрүүчү принтер, штрих-коддорду окуй турган сканер менен жабдылган. 550700 Педагогика билим берүү программасынын студенттери өз алдынча аталган китепканаларда билимдерин тереңдетет.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Кафедранын илимий изилдөөлөрүнүн негизги темасы «Келечектеги башталгыч класстын мугалимдерин кесиптик педагогикалык ишмердүүлүккө даярдоо» болуп, анда жогорку билим берүү жана тарбиялоо процессинин бардык аспектилери камтылган: келечектеги мугалимдердин инсандык сапаттарын калыптандыруу, кесиптик билим жана көндүмдөрдү, алардын билим берүү процессине өз алдынча илимий-чыгармачылык технологиялык жана инновациялык мамилеге багыт алуусу эсептелет.

           Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жалпы билим берүүчү жана адистик дисциплиналар боюнча башталгыч класстарда кыргыз /орус тилин окутуунун методикасы, башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы, мектепке чейинки педагогика, СLIL окутуу методикасы, кайрадан коррекциялык педагогика жана атайын психология, тарбия ишинин методикасы, эмгек жана аны окутуунун методикасы, табият таануу жана аны окутуунун методикасынан педагогикалык технологиялардын негизинде окуу куралы, комплекс, лекция жана практикалык сабактардын жыйнагы, электрондук окуу материалдары даярдалат.

2022-2023-окуу жылынан тартып Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасында гуманитардык-педагогикалык факультеттин башталгыч билим берүү багыты боюнча көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашырылууда. Бул программанын максаты-башталгыч билим берүү адистигинин студенттерин бүтүрүү үчүн В2 деңгээлине чейин чет тили катары орус тилин билүү.

Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү программасы 2012-жылы киргизиле баштаган, мындай реформага 2010-жылдагы Ош шаарындагы “июнь окуялары” таасир эткен, коомдогу социалдык биримдикти бекемдөө зарыл болгон. Ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди калыптандыруу процесси билим берүү жана окутуу демилгелери аркылуу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Көп тилдүү билим берүү эне тилинде, расмий тилде жана дагы бир чет тилде билим алуу мүмкүнчүлүгү жаратылган.

2011-жылы КР Билим Берүү жана илим министрлигинин көп маданияттуу билим берүү сектору улуттук азчылыктар иштери боюнча ЕККУнун Жогорку Комиссарынын колдоосу менен Кыргызстандын билим берүү системасына “көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүүнү”киргизген. 13.04.2015-ж. ЖОЖдордо көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу тууралуу буйрук №363/1 менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетибиз бул программага киргизилген.

2020-2021-окуу жылынын жайкы каникулунда мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, орус филологиясы, кыргыз филологиясы кафедраларынын окутуучулары Кыргыз Республикасынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жана социалдык интеграция борбору (директор Глушкова Марина Юрьевна) тарабынан уюштурулган көп тилдүү окутуу боюнча онлайн курстардан өтүштү. Лекторлор Нина Рауд Тартус университетинин Нарв колледжинин Чет Тилдер кафедрасынын башчысы жана Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин Орус тили боюнча окутуучусу Булатова Виктория Александровна болушту. Көп тилдүү окутуу боюнча семинарлар, тренингдер ушул күнгө чейин уланууда.

2021-2022-окуу жылында мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын окутуучулары эксперттер менен биргеликте 550700 Педагогика багыты боюнча “көп тилдүү мектепте башталгыч класстардын мугалими”, бакалавр даражасы үчүн “башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” профили боюнча негизги билим берүү программасын иштеп чыгышты. 2022-2023-окуу жылында көп тилдүү окутуу программасы боюнча эксперименталдык топ болуп ПМНО-1-22 тайпасы эсептелет.

2022-2023-окуу жылынын башында пилоттук топтун көп тилдүү окутуусуна тартылган окутуучулар жумушчу программаларды, студенттер үчүн силлабус иштеп чыгууда. Мугалимдер тобу ата-энелер менен жолугушуу уюштуруп, кош тилдүү окутуу тууралуу маалымат берип, окуу жылынын аягына чейин студенттердин күтүлгөн жетишкендиктери менен тааныштырышты.

Бул программага тартылган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары “Көп тилдүү мектептерде жана ЖОЖдордо иштөө үчүн ЖОЖдордо педагогдорду даярдоо” (2022), “Сабактарды пландаштыруу жана окутуунун натыйжаларынын негизинде окуу материалдарын түзүү” (2023), “ЖОЖдо предметти жана тилди интеграцияланган окутуунун методикасы” (2024) багыттары боюнча курстардан өтүштү. Бул курстарда каралган модулдар аралык жолугушуулардын алкагында Педагогдор өз кесиптештеринин сабактарына катышып, методикалык ыкмаларды талдап, тажрыйба алмашуу үчүн тегерек столдорго катышышты. Көп тилдүү окутуунун өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде предметтик мазмунду жана тилдик окутууну интеграциялоо жолдорун талкуулоого, студенттердин прогрессине баа берүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө, көп тилдүү стандарттарга жооп берген окуу материалдарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучулар көп тилдүү жана көп маданияттуу окутуу программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу сертификаттарын алышты.

Көп тилдүү окутуу программасынын алкагында 2022-2023-окуу жылында ПМНО-1-22, 2023-2024-жылында ПМНО-1-23, 2024-2025-окуу жылында ПМНО-1-24 тайпалары эксперименталдык топ болуп калды.

Бардык профессордук- окутуучулук курам кафедранын негизги илимий темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, төмөнкүдөй эмгектерди жарыялашкан:

Кадырова М.С., Орозбаева А.Ы., Хаджаева К.К. Эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн “Жөндөмдүү балдар менен иштөөнү уюштурууда көйгөйлөрдү чечүү жолдору” Улуу Британия. (EJRRES) 8-том, №12, 2020-жыл. II бөлүк.

Кадырова М.С., Абдивалиева Г.А. IJRESS Economic and Social Research эл аралык журналында “Жөндөмдүү балдар менен иштөө үчүн мугалимдерди кесиптик жана жеке даярдоо” . ISSN :2249 -7382, Индия, 10/12/2020 IJRESS Экономикалык жана социалдык изилдөөлөр эл аралык журналы . ISSN :2249 -7382, Индия, 10/12/2020.

Кадырова М.С. «Жөндөмдүү балдарды аныктоонун диагностикасы» Эл аралык IJRESS Экономикалык жана Социалдык изилдөөлөр журналы . ISSN :2249 -7382, Индия, 10/12/2020

ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

          Тарбия иштери мугалимдер тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Кураторлор атактуу даталарга арналган маектерди, диспуттарды, түрдүү иш-чараларды өткөрүп, анда студенттерди мекенчилдик сезимдерге, аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүгө, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга басым жасоо менен заманбап дүйнөгө баа берүүгө үйрөтүшөт.

Башталгыч билим берүү бөлүмүнүн студенттери жоопкерчиликтүүлүгү, жарандык активдүүлүгү, ынтымактуулугу, зор ынтызарлыгы, коомчулугу менен айырмаланат. Алар университеттин турмушуна активдүү катышып, эл аралык жана республикалык олимпиадаларга, сынактарга, семинарларга катышып, университеттин сыртында да өз активдүүлүгүн көрсөтүшөт.

           Кафедранын студенттерине маданий-эстетикалык тарбия берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын социалдык абалына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Таланттуу студенттердин башын бириктирген маданий-эстетикалык борбор, мыкты музыкалык аспаптар менен жабдылган.

 Студенттердин ден соолугун чыңдоо максатында «Достук» спорт клубу, «Волейбол», «Баскетбол», «Ордо», «Футбол», «Стол тенниси», «Жеңил атлетика», «Тогуз коргол “, “Шахмат”, ” Эркин Күрөш ” ж.б. ийримдер түзүлгөн.

            Мындан тышкары студенттерге студенттик ашкана, медпункт жана 360 орундуу жатакана берилет. Ар бир окуу жылында жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жактан аялуу катмарына кирген студенттерге социалдык жөлөк пулдар берилип, алар да жылдык контракттык төлөмдөрдүн 50% жана 25%ынан бошотулат.

СТУДЕНТТЕРДИН ПРАКТИКАСЫ

       Багыттар: 550700 Педагогика. Профили: «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» ( Квалификациясы: бакалавр даражасы).

  • Көп тилдүү мектепте «Мектеп күнү» адаптациялык педагогикалык практикасы, 3- семестр (2 жума);
  • Кесиптик жактан – көп тилдүү мектеп VI семестринде негизги практика (4 жума);
  • Кесиптик – көп тилдүү мектеп VII семестринде атайын практика (6 жума);
  • Ош облусунун райондук мектептери менен Ош шаарынын мектептеринин ортосунда келишим түзүлдү .

Багыттар: 550700 Педагогика. Профили: Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы (магистрдин квалификациясы (даражасы).

Практика жана илимий изилдөө иштери

  • биринчи семестрдеги илимий-изилдөө иштери (4 жума);
  • Илимий-педагогикалык практика II семестр (5 жума);
  • Илимий изилдөө иштери III семестр (6 жума);
  • Илимий изилдөө иштери IV семестр (10 жума);
  • Ош облусу менен Ош шаарындагы райондук мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлардын ортосунда келишим түзүлдү .

Практика студенттердин теориялык курстарды өздөштүрүүнүн натыйжасында алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдейт, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрөт жана студенттердин жалпы маданий, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларын ар тараптуу калыптандырууга көмөктөшөт.

Бакалавриат жана магистратура программаларын
аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет: билим берүү, социалдык чөйрө, маданият.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү
башталгыч класстын мугалиминин мугалимдик кесибинин универсалдуулугу менен аныкталат.  Бакалавр жана магистратуранын бүтүрүүчүсү кесипкөй даярдалган усулчу, ар кандай типтеги окуу жайларында иштөөгө жөндөмдүү педагог-изилдөөчү (орто мектептер, гимназиялар, лицейлер, кошумча билим берүү мекемелери), колледждерде жана ЖОЖдордо илимий-педагогикалык кызматкер, башталгыч билим берүү тармагындагы менеджер боло алат.

ӨНӨКТӨШТҮК МАМИЛЕЛЕР

         Өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуунун алкагында алар төмөнкү өнөктөш окуу жайларга барып, биргелешкен иш-чараларды (конференцияларды, тегерек столдорду, тренингдерди) өткөрүп, илимий долбоорлордун үстүндө иштешет:

  • Ош мамлекеттик университети ;
  • И. Арабаева атындагы КМУ;
  • Алишер Навои атындагы ТПУ. (Өзбекстан);
  • Низами атындагы ТПУ ( Өзбекстан);
  • З. Бабур атындагы ANDU; (Өзбекстан);
  • КФУнун Элабуга институту (филиалы) (Россия);
  • Абай атындагы мамлекеттик педагогикалык университети (Казакстан);

Тажрыйба алмашуу максатында кафедранын окутуучулары Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын өнөктөш университеттеринде академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт. Кафедранын алдыңкы окутуучулары М. Кадырова, Ж.Р. Имаралиева жана Г.А. Абдивалиева Россия Федерациясынын Казан федералдык университетинин Елабуга институтунда квалификациясын жогорулатуудан өткөн.

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

           Университеттин материалдык-техникалык базасына дисциплинардык жана дисциплиналар аралык окутуунун бардык түрлөрүн:
лекциялык, практикалык жана  лабораториялык сабактарды, долбоорлорду ишке ашырууну, топтук жана жеке консультацияларды, үзгүлтүксүз мониторингди жана аралык аттестацияны, ошондой эле өз алдынча иштөө үчүн бөлмөлөрдү камтуу.

          Ошондой эле, окуу процессин маалыматтык камсыздоо жакшы жолго коюлган. Бардык компьютердик класстар жана электрондук китепканалар бири-бирине туташып, интернетке кошулган. Окуу процессинин жүрүшү мониторинг AVN маалыматтык программасы аркылуу ишке ашырылат. Университеттин сайтына (www.kuu.kg) керектүү документтер жана маалыматтар өз убагында жүктөлүп турат. Ошондой эле акыркы техникалык жабдуулар менен жабдылган «Гранит» телестудиясы, студенттердин «Достук планетасы» газетасынын редакциясы бар.

Кафедра башчысы: Кадырова М.С. педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, РАЭнын профессору

Дареги: I корпус, бөлмө . № 108

.

Кадырова М.С. – кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, РАЭнин профессору;

  1. Калматова Г.К. – п.и.к., доцент;
  2. Тентемишова А.К. – ф.и.к., доцент;
  3. Усарова Г.У. -п.и.к., доцент;
  4. Жусупова Д.Ж. – доцент;
  5. Абдувалиева Г.- п.и.к.;
  6. Имаралиева Ж.Р – п.и.к.;
  7. Шайбекова А.Ы. –  окутуучу;
  8. Орозбаева А.Ы. — ага окутуучу;
  9. Кабилова Ж.-  окутуучу;
  10. Казканова Ч.Т. – ага окутуучу;
  11. Хаджаева К.К. – ага окутуучу;
  12. Гаффарова М. –  окутуучу;
  13. Сарыбаева М.К. – окутуучу;
  14. Кыргызбаева Р.З. – окутуучу;
  15. Сулайманова Г. – окутуучу;
  16. Маматова И. – окутуучу.

           Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын январындагы буйругу менен Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети деп өзгөртүлгөн. Университеттин жаңы Уставы 2021-жылдын 8-февралында Ош облустук Юстиция башкармалыгы тарабынан бекитилип, юридикалык жак катары каттоодон өткөн (күбөлүк №65654-3310-У-е). Университеттин алгачкы каттоо датасы 1998-жылдын 11-марты .

         Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети этностор арасындагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйланган .