ТАРЫХЫ

Кафедранын тарыхы.

Кафедранын түптөлүү этаптарынын алгачкы кадамдары 1994-жылга туура келет. КР өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-июлундагы № 505 токтомунун негизинде  Ош Техногиялык техникуму И.Раззаков атындагы «Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи» болуп өзгөрүлдү. 1997-жылы 31-мартта Кыргыз Республикасынын президентинин чечиминин негизинде Кыргыз-Өзбек Университети деп аталган. «Дене тарбия» кафедрасы студенттердин ден –соолугун чыңдоого, спорттук чеберчилигин жогорулатууга багытталып түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн 2 спорттун чеберлери жана 3 белгилүү окутуучулар менен баштаган.

1997-1998 окуу жылында алгачкылардан болуп  «Дене тарбия» кафедрасы башчылыгына   Б. Э. Дуйшеев дайындалган,   окутуучулар А. С. Сайназаров, К. Ж. Жээналиев, М. Р. Рысалиев, Б. Т. Асанбеков, Ю. М. Махмудов., Г.С Нусупбаева жана лаборант А. Т. Ботобековалар эмгектенишкен. Ушул эле окуу жылында  «Достук» спорт клубу түзүлүп ага төрага болуп  К. Ж. Жээналиев дайындалып ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн.

2006-жылы К-ӨУнин ректорунун буйругунун негизинде «Аскерге чейинки дене даярдык» жана «Дене тарбия» бөлүмү болуп бөлөндү. Бөлүм башчысы болуп И. С. Узакбаев дайындалды. «Аскерге чейинки дене даярдык» (кафедра башчысы ага окутуучу Г. С. Нусупбаева) жана «Дене тарбия» (кафедра башчысыага окутуучу Б. Э. Дүйшеев) кафедралары болуп бөлүндү.

«Достук» спорт клубунун төрайымы  болуп Г. С. Нусупбаева жетектеген.

2009-2010-окуу жылында «Аскерге чейинки даярдык» жана «Дене тарбия жана ден соолук» кафедралары биригип «Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия» кафедрасы түзүлүп ага кафедра башчысы болуп п.и.к. Б. Э. Дуйшеев жетектеген.

2012-2013-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында кафедранын башчысы болуп А.О. Жоробеков иштеди.

«Достук» спорт клубунун төрагасы болуп К. К. Баймуратов жетектеген.

2013-2014-окуу жылында кафедра башчысы болуп  п.и.к. И. С. Узакбаев  жетектеген.

2013-2014-окуу жылына «Достук» спорт клубунун төрагасы болуп

К. К.  Каимов иштеди.

2015-2016-окуу жылынан баштап  «Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия»  кафедрасынын  кафедра  башчысы болуп К. К. Баймуратов эмгектенди.

2018-2019-окуу жылынан баштап кафедранын башчысы болуп п.и.к., доцент Т. С. Разыков дайындалды.

2019-2020-окуу жылында «АЧДТУ» кафедрасы ректордун буйругуна ылайык бүтүрүүчү жана тейлөөчү болуп бөлүнүп,бүтүрүүчү кафедранын аталышы «Дене тарбиянын теориясы жана методикасы» кафедрасы болуп түзүлүп, курамы төмөндөгүчө – п.и.д.,профессор Х.П.Анаркулов, п.и.к., доцент И.С.Узакбаев ,улук окутуучулар:  Г. С. Нусупбаева,  А.О.Жоробеков, А.С.Абдиев, Н.К.Матазимов. Дарыбек уулу Д. Окутуучулар: К.Ч.Мамышов, У.Ы.Ажибеков,  Х.Н.Абдурахманов, Амит уулу М,   жана лаборант К.А.Алимжанова,ага лаборант Маратбек уулу Х эмгектенишет.

2018-2019-окуу жылынан баштап кафедранын башчысы болуп п.и.к., доцент Т.С.Разыков дайындалды.

2019-2020-окуу жылында «АЧДТУ» кафедрасы ректордун буйругуна ылайык бүтүрүүчү жана тейлөөчү болуп бөлүнүп.Бүтүрүүчү кафедранын аталышы «Дене тарбиянын теориясы жана методикасы» кафедрасы болуп түзүлүп, курамы төмөндөгүчө – П.и.д.,профессор Х.П.Анаркулов, п.и.к., доцент И.С.Узакбаев ,улук окутуучулар:  Г. С. Нусупбаева,  А.О.Жоробеков, А.С.Абдиев, Н.К.Матазимов. Дарыбек уулу Д. Окутуучулар: К.Ч.Мамышов, У.Ы.Ажибеков,  Х.Н.Абдурахманов, Амит уулу М,   жана лаборант К.А.Алимжанова,ага лаборант Маратбек уулу Х эмгектенишет.

 

2021-22-окуу жылында кафедранын тынымсыз эмгектенүүсүнүн натыйжасында эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги( НААР) окуу жайлардын арасында 532000-Дене тарбия багыты боюнча бакалаврият билим берүү программаларынын арасында үчүнчү орунду ээлеп,сертификат менен сыйланды.