



Бүгүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинде Өзбекстан Республикасынын Кокон университетинин профессордук-окутуучулар курамынан турган делегация иш сапары менен болушту.
Факультеттин жамааты чет элдик конокторду жылуу маанайда тосуп алып, факультеттин билим берүү багытындагы ишмердүүлүгү, окуу процесси, материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары жана илимий жетишкендиктери менен тааныштырды.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрүнө факультетте жүргүзүлүп жаткан окуу-методикалык иштер, студенттердин билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар жана илимий-изилдөө багытындагы жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Андан соң коноктор Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы окуу имараты, санариптик мүмкүнчүлүктөрү жана Өзбек маданий борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Иш сапардын алкагында КӨЭАУнун ректору, ф.-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий конференцияларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда конокторго атайын сертификаттар жана эстелик белектер тапшырылды. Өз кезегинде Кокон университетинин делегация мүчөлөрү көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, университеттин жетекчилигин жана окутуучулар жамаатын Кокон университетине тажрыйба алмашууга чакырышты.
Бул жолугушуу эки жогорку окуу жайдын ортосундагы илимий-билим берүү байланыштарын чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.