Илим күнүнө карат гуманитардык- педагогикалык факультеттин курамындагы педагогика жана психология кафедрасы профессор Алмаз Худайбердиевдин 82 жылдыгына арналган илимий семинар уюштурду.
Иш чарага маркумдун замандаштары, үй- бүлөсү, шакирттери, университеттин илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов катышты. Семинардын жүрүшүндө замандаштары тарабынан профессор Худайбердиевдин инсандык мүнөзүндөгү артыкчылыктар, эмгекчилдиги айтылды. Эскерүү сөздөрүн улай п.и.к. Жаңылай Айтышова, математика окутуучусу М.Гафарова тарабынан анын илимдеги оорду, университеттин өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымына байланыштуу илимий баяндама жасалды.
Маркум профессордун үй бүлөсү сөз кезегинде иш чаранын уюштуруучуларына жана аны унутпай эстеп, инсандык сапаттарын жаштарга үлгү катары айтып жүргөн замандаштарына ыраазычылык билдиришти.