2026-жылдын 26-январынан 30-январына чейин ПОЖдун ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын калыптандыруу жана дене тарбия, спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга үндөө максатында ПОЖдор арасында спартакиада өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ПОЖдун активдүүлүгүн жана биримдигин арттырууга багытталды.

Аталган спартакиадага ар түрдүү факультеттердин ПОЖ командалары катышып, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн физикалык даярдыгын, шамдагайлыгын жана командалык иштөө жөндөмүн көрсөтө алышты.

Бул иш-чарада Гуманитардык-педагогика факультетинин ПОЖ командасы да активдүү катышып, жогорку деңгээлде оюн көрсөттү. Команда мүчөлөрү ар бир мелдешке жоопкерчилик менен мамиле кылып, өз ара колдоо көрсөтүп, мыкты жыйынтыктарга жетише алышты. Натыйжада, ГПФнын ПОЖу бир катар байгелүү орундарды багындырып, факультеттин намысын татыктуу коргоду.

Жыйынтыгында, бул спартакиада ПОЖдун ден соолугун чыңдоого гана эмес, алардын достук мамилесин бекемдөөгө жана сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошкон маанилүү иш-чара болуп калды.