2026-жылдын 24, 25 жана 28-сентябрь күндөрү Гуманитардык-педагогикалык факультетнүн окутуучулары — Шайбекова А., Орозбаева А., М. Гаффарова жана Казканова Ч. — факультеттин ПМНО-1-25, ПМНО-1-24 жана ПМНО-2-25 тайпалары үчүн холера оорусун алдын алуу боюнча куратордук сааттарды өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерди холера оорусунун кооптуулугу, анын алдын алуу жолдору жана жеке гигиена эрежелери тууралуу маалыматтандыруу болду. Студенттер кураторлордон холеранын жугуу жолдору, козгогучтары, клиникалык белгилери жана оору пайда болгондо кабыл алынуучу чаралар жөнүндө толук жана түшүнүктүү маалымат алышты.

Куратордук сааттар интерактивдүү жана кызыктуу форматта өтүп, студенттердин темага болгон кызыгуусу жогору болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер суроолорду берип, холеранын алдын алуу боюнча практикалык кеңештерди алышты.

Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттердин ден соолугуна камкордук кылууга, инфекциялык ооруларды алдын алуу боюнча билимдерин кеңейтүүгө жана жеке гигиена маданиятын жогорулатууга маанилүү салым кошту.