Гуманитардык-педагогикалык факультетинин «Педагогика жана психология» кафедрасы тарабынан азыркы күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири болгон 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөш күнүнө арналган тарбиялык жана маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге СПИД илдети, анын алдын алуу жолдору, жугуу коркунучтары жана коомдогу ролу тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле алардын ден соолукка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болду.

Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, тема боюнча өз ойлорун ортого салышты. Анын жүрүшүндө Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борборунен келген адис менен кызыктуу жана пайдалуу маектешүү уюштурулду. Адис студенттерге Адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (АИВ) жана СПИД тууралуу так маалымат берип, анын жугуу жолдору, алдын алуу чаралары жана коргонуу ыкмалары жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистен пайдалуу кеңештерди алышты. Маектешүү ачык, жандуу жана мазмундуу өтүп, катышуучулар үчүн чоң маалымат булагы болду.

Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттердин ден соолук маданиятын жогорулатууга, алардын туура жашоо образына багыт алуусуна жана СПИДге каршы күрөшүүдө маалымдуулугун арттырууга чоң салым кошту.