Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Имаралиева Жамила Рахманалиевнаны
«Манас» эпосун окутууда окуучулардын жамааттык жоопкерчилигин жогорулатуунун методикасы” (Шифр 13.00.02. Д 13.23.673.) деген темада педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү коргоп алышы менен куттуктайбыз!

Урматтуу Жамила Рахманалиевна!
Сизди илим жаатында жараткан ийгилигиңиз менен университеттин жалпы эмгек жамааты кызуу куттуктайт. Мындан ары да билим берүү тармагында ак кызмат өтөп, жаштарга талыкпай билим берүү менен окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошо беришиңизге тилектешбиз!
Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор
Үкүева Бүшарипа Кожояровна