ОКУУ-УСУЛДУК ИШМЕРДҮҮЛҮК

Окуу    жүктөмдөрдүн  пландаштыруу  жана аткаруу,  окуу жүктөмдөрдүн  пландаштырылуусу жана  аткарылуусуна  кенири маалымат берүү;

2022-2023-окуу   жылы  үчүн кафедра  мүчөлөрүндө жалпысынан 6952  саат   окуу жүктөмү  пландаштырылган. Анын  ичинен : 64 саат лекциялык ,  6668 саат  практикалык,   24  саат консультациялар,    112  саат экзамендер , 84  саат лабороториялык сааттарга бөлүштүрүлгөн. Кафедранын сааттары жогорку кесиптик билим берүү боюнча 3236 саат (870 ссст бюджет, 2366 саат контракт) жана орто кесиптик билим берүү боюнча 3716 (137 саат бюджет, 3579 саат контракт) болуп бѳлүнѳт.

2022-2023-окууу жылында “Дене тарбия жана спорт”кафедрасы университеттин жогорку кесиптик билим берүү багыттарында күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан студенттерге дене даярдыгы жана ден соолугунун абалы жакшы спорттун түрлөрү боюнча чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүгү бар студенттерди аныктап, окуу тайпалары түзүлгөн. Ар бир спорттун түрү боюнча 128 сааттан каралып, жалпы 2432 саат тиешелүү окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнө кошулду.

ТПМТФнын ФМО(м)-1-22 тайпасы жана ФМО(ф)-1-22 тайпасы бириккендигине байланыштуу Садыкжаш уулу Шахзаттан 100 саат (82 саат бюджеттен 18 саат контракттан) окуу жүктөмүнөн алынган.

2022-жылдын 1-декабрынан кафедранын окутуучусу Таалайбек уулу Кудайберди “ИОУ” кафедрасына лаборанттык кызматка которулгандыгына байланыштуу анын окуу жүктөмүнөн 230 саат алынып, «ДТжС” кафедрасынын окутуучулары Н.Н.Жалаловдун 42 саат (контракт), Садыкжан уулу Шахзаттын 28 саат (контракт) окуу жүктөмүнө жүктөлгөн.

ИТФтин Кесиптик билим берүү багытынын ПО-1-21 тайпасынын жоюлгандыгына байланыштуу К.Каимовдун окуу жүктөмүнөн 50 саат алынды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин№1963/1 13.10.2022-жылындагы буйругунун негизинде Дене тарбия  сабагы боюнча  негизги окутуу программасы бекитилип колдонула баштады. Программа боюнча бир окуу жылына 1-курстарга 6 саат лекция 140 саат прктика, 2-курстарга 6 саат лекция жана 14- саат практика бекитилген. 2022-2023-окуу жылына Дене тарбия жана спорт кафедрасында жогорку кесиптик билим берүү тайпаларына жылына 100 саат окуу жүктөмү ар бир тайпага пландаштырылган. Жогорудагы буйруктун негизинде 2-жарым жылдыкта ар бир жогорку билим берүү тайпага 46 саат (6 саат лекция, 40 саат практика) жалпы 636 саат окуу жүктөмдөргө кошулду. 2022-2023-окуу жылына  пландаштырылган   окуу жүктөмүнүн кафедра  мүчөлөрүнүн  ортосунда  бөлүштүрүлүшү  жана анын  аткарылышы  жалпысынан төмөндөгү №2.1- формада  көрсөтүлдү.