2023-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз- Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Имаралиева Жамила Рахманалиевна «Музыкалык тарбиялоонун теориясы жана методикасы» дисциплинасынан ПМНО-1-21 тайпасына «Башталгыч класстардагы заманбап музыка сабактары» деген темада көргөзмөлүү ачык сабагын өттү.