Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Аида Балтабаеванын коштоосунда педагогика жана психология кафедрасынын уюштуруусунда «Гештальт-терапия, психоанализ» жөнүндө семинар болду.
Мында Гешталь терапевт мектебинин негиздөөчүсү У.Ш Токомбаев, ИМУнун аспиранты, психоаналитик К.Селюгина, ЮИПнын негиздөөчүсү Айна Самиева кызыктуу баяндамаларды жасашты. Университетибиздин жаш окутуучуларына жана студенттерге гештальт-терапия, психоанализ жөнүндө кеңири маалымат беришти.