
ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТТЕ «БЕРЕКЕЛҮҮ КҮЗДҮН КЕРБЕНИ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Гуманитардык-педагогикалык факультетте 3-курстун студенттери тарабынан күз мезгилинин көркүн даңазалаган «Кереметтүү күз» аттуу маданий-тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эстетикалык табитин калыптандыруу, улуттук каада-салттарды даңазалоо жана студенттердин өз ара ынтымагын бекемдөө болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер күз мезгилинин кооздугун чагылдырган ырларды көркөм окуп, обондуу ырларды аткарып, бийлерди тартуулашты. Ошондой эле күз берекесине арналган кызыктуу көркөм композициялар, чыгармачылык номерлер жана түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Студенттер өздөрүнүн талантын, чыгармачылыгын жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүп, иш-чарага өзгөчө шаң жана көрк кошушту.
«Кереметтүү күз» иш-чарасы катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, жаштардын чыгармачылык дараметин ачууга, биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө түздү.
Күз — берекенин, сулуулуктун жана мол түшүмдүн мезгили. Кереметтүү күз тартуулаган жагымдуу көз ирмемдер ар бирибиздин эсибизде калсын!