«Жаратман муун» демилгесинин алкагында өткөрүлгөн чуркоо иш-чарасына гуманитардык факультеттин студенттери да катышышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук дем доктринасы жөнүндө» Жарлыгынын спорт багытын ишке ашыруу жана «Жаратман муун» демилгесинин алкагында жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн чуркоо иш-чарасына гуманитардык факультеттин студенттери активдүү катышышты.

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинин уюштуруусу менен Ош жана Манас шаарларындагы жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Гуманитардык факультеттин студенттери иш-чарага активдүү катышып, сергек жашоо образын кармануу, ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жаштар арасында ынтымакты, биримдикти бекемдөө багытында өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер достук мамилени чыңдап, спорттук духту, биримдикти жана сергек жашоого болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Гуманитардык факультеттин студенттеринин бул иш-чарага катышуусу жаштар арасында дене тарбиясын жана спортту жайылтууга, сергек жашоо маданиятын калыптандырууга жана «Жаратман муун» демилгесин колдоого өбөлгө түздү.