КӨЭАУда «Инклюзивдүү өнүгүү борбору» салтанаттуу түрдө ачылды
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде (КӨЭАУ) Педагогика, психология жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу кафедрасынын окутуучуларынын демилгеси менен түзүлгөн «КӨЭАУ инклюзивдүү өнүгүү борборунун» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарада борбордун негизги максаттары жана иш багыттары тааныштырылды. Аталган борбор «Ар бир бала — өзүнчө дүйнө» деген принципти иш жүзүндө көрсөтүүгө жана келечектеги педагогдор менен психологдорду практикага багыттап даярдоого негизделген.