Гуманитардык-педагогикалык факультетинде кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү

Гуманитардык-педагогикалык факультетинде кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

Конференцияга ПМНО-1-23, ПМНО-2-23 жана ФизК-1-23 тайпаларынын студенттери катышып, практика учурунда аткарылган иштер боюнча отчетторун тапшырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер педагогикалык практика мезгилинде топтогон тажрыйбалары, билим берүү мекемелеринде жүргүзгөн окуу-тарбиялык иштери, сабактарды уюштуруу жана өткөрүү усулдары, окуучулар менен иштөө багытындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле студенттердин практикалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлүп, практика учурунда аткарылган иштердин натыйжалары каралды. Практика жетекчилери тарабынан студенттердин кесиптик даярдыгына, теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүктө колдоно билүү жөндөмдөрүнө баа берилди.

Жыйынтыктоочу конференциянын негизги максаты – студенттердин кесиптик-профилдик практика учурунда алган билимдерин жана тажрыйбаларын жыйынтыктоо, кесиптик компетенттүүлүктөрүнүн калыптануу деңгээлин аныктоо жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүгүнө багыт берүү болду.

Кесиптик-профилдик практика болочок адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда, теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууда жана мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин калыптандырууда маанилүү этап болуп саналат.