Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара жаштар арасында дене тарбияны жана спортту жайылтууга багытталды.

Жолугушуунун уюштуруучусу Дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Ильяз Камалов болду. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Акжол Махмудов университеттин спорт комплексинде машыгып жаткан жаш спортчулар менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө А. Махмудов жогорку спорттук жетишкендиктерге жетүүдөгү жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, алдыга коюлган максаттарга жетүүдө максаттуулуктун, эмгекчилдиктин жана туруктуулуктун маанисин баса белгиледи. Катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, келечектеги ийгиликтерге жетишүү үчүн билим алуу менен үзгүлтүксүз спорттук машыгууларды айкалыштыруунун зарылдыгын белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле спорт чеберлери, Дене тарбия кафедрасынын башчысы Курсант Каимов, бокс боюнча машыктыруучу Талантбек Арзиев жана үстөл тенниси боюнча машыктыруучу Абдулазиз Назаров катышты. Кафедранын өкүлдөрү дүйнө чемпионуна ыраазычылык билдирип, жаш муунга ак жол каалап, өлкөнүн намысын эл аралык спорттук ареналарда татыктуу коргоого чакырышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын патриоттук аң-сезимин калыптандырууга, спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги чемпиондордун резервин даярдоого өбөлгө түзөт.