Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Биз бактылуу үй-бүлөбүз» аттуу үй-бүлөлүк спорттук спартакиада өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана ата-эне менен балдардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө болду. Спартакиадага университеттин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү катышышты.

Катышуучулар ар кандай спорттук мелдештерде күч сынашып, өздөрүнүн шамдагайлыгын, биримдигин жана командалык духун көрсөтүштү. Алардын катарында үстөл тенниси боюнча машыктыруучу Абдулазиз Назаров да үй-бүлөсү менен катышып, иш-чаранын көркүн ачты.

Мындай спорттук иш-чаралар үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө, балдардын ден соолугун чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Иш-чара достук маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай жана жакшы таасир калтырды