
КУМУда эки факультеттин биргелешкен илимий конференциясы өткөрүлдү
2026-жылдын 10-ноябрында КУМУда ГПФ жана ИТТПФ факультеттеринин демилгеси менен илимий конференция өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — илим менен билим берүүнүн байланышын чыңдоо, окутуучулардын жана студенттердин илимий изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу, тажрыйба алмашуу жана актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо болду.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунуштап, билим берүү, илим жана заманбап коомдун өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Мындай илимий иш-чаралар факультеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана жогорку окуу жайдагы илимий чөйрөнү өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Конференция мазмундуу талкуулар жана пайдалуу пикир алмашуулар менен жыйынтыкталды.